сегодня
28
Февраля
2021 года
Погода в Бишкеке:
−4 °C
днём −4
ночью +4

Государственное агентство охраны окружающей среды и лесного хозяйства
при Правительстве Кыргызской Республики

Нарын облусундагы жаратылыш мыйзамдарын бузуу фактысы

Нарын облусундагы жаратылыш мыйзамдарын бузуу фактысы

2021-жылдын 23-январь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда атайын рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин (мындан ары – Департамент) Нарын өкүлчүлүгүнүн Ак-Талаа районунун анчы адиси Молдожакыпов Улан, егери Аскарбеков Кайрат, айдоочу Бактыбеков Жанчар жана “Илбирс” коргоо фондунун өкүлү Сыдыков Нарсбек болуп биргелешкен рейд учурунда 24-январь 2021-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районун Турук өрөөнүнүн “Сай-Ачык” аймагында 1 (бир) баш жапайы тоо текени аткан браконьерлер 3 (үч) сайлуу мылтыктар менен 4 (төрт) адам кармалып, ошол эле күнү саат 18-50 чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районун ички иштер бөлүмүндө жоруктар бирдиктүү ЕРПП базасына катталып, 1 (бир) баш тоо текени тушу жана 1 (бир) Сайга карабини, 2 (эки) КО үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар өткөрүп берилди. Азыркы учурда бул факты боюнча, укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө